www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин өлкө жетекчилеринин эзелтен келе жаткан бир ит оорусу бар. Биринин шапкесин бирине кийгизип кадр алмаштыра беришет. Бирөө бир жерге байыр алып көпкө иштебейт. Эми иш менен таанышып, жаңыдан реформа кылайын десе кызматтан алынып, ордуна башка бирөө келет. Анан ал айланасын карап, кимдин ким экенин аңдап билгенче иштен ыргып кеткенин билбей калат. Отуз жылдан бери ушул көрүнүш. Орун алмашкандан сумма өзгөрбөй турганы биздин чоңдордун мээсине жетпей койду. Жетсе дагы кайдыгерликтен, жоопкерчиликсиз мамиледен, күнүмдүк кыска ойлонгон саясаттын айынан этегибиз узарбас болду.
Мына кечээ Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев эч себеби айтылбай жүйөөсүз иштен алынды. Негизи бийликтин колго илинген, коомдун көңүлү түз идиректүү кадры дал ушул Базарбаев эле. Эми андан дагы кол жуушту. Анын ордуна Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп жаткан Гүлнара Баатырова келди.
Өкүнүчтүүсү Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда эмне иш кылып жатканы белгисиз, ың-жыңы чыкпаган Гүлнара айым медицина тармагын кыйратып өркүндөтүп койгонсуп, ал жактан алып, Социалдык министри кылып алып келген көрүнүшкө эч кимдин ичи чыккан жок. Чынында ак мышык, кара мышык эптеп чычкан алса болду деген саясат кантип майнабын берсин?
Эгер Баатырова жападан жалгыз иштин көзүн билген бирден-бир көзгө басар кадр болуп, башка колго илинээр эч ким жок болуп жатса бир жөн. Эт эмес, же чөп эмес ымтыраган мажүрөө немени улам бир жерге мурдунан жетелеп кызматка койгондон элдин көйгөйү түп орду менен чечилип, өлкө өнүгүп кетеби?
Булак: NazarNews.kg