www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Гвинеянын президенти Теодоро Обианг Нгема Мбасого менен жолукту. Бул тууралуу “Пул Первого” Telegram-каналы билдирет.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларынын жолугушуусу Эгемендүүлүк сарайында өтүп, ардактуу кароолдун катышуусунда расмий салтанат менен башталды.
"Биздин планетанын келечеги негизинен Африкага тиешелүү. Мен дагы бул пикирге кошулам", - деп билдирет Лукашенконун басма сөз кызматы.
Беларусь лидери Африка жеке өзү үчүн сырдуу көрүнбөй калганын жана континентте болуп жаткан процесстерге ыраазы экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр тар жана кеңейтилген курамда өтүп, анын жыйынтыгы боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган документтер пакетине кол коюу пландалууда.
Теодоро Обианг Нгема Мбасого ошондой эле бир катар жергиликтүү ишканаларга бараары айтылды.
Булак: NazarNews.kg