www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук округунан Жогорку Кеңешке 10-сентябрда боло турган бир мандаттуу кайра шайлоого 24 талапкер ат салышууда. Учурда үгүт иштери кызуу жүрүп, талапкерлер акылынын жетишинче жомок айтышып, элди ынандыруу аракетин көрүп жатышат. 

Арасында асмандагы айды алып берем деген өңдүү "Мен депутат болсом пенсия кеминде 12 миң сомдон кем болбойт" деген Ыргал Кадыралиева сыяктуу жомокчулар бар. Калп айткандан, алдагандан шайлоочулар жипкирип, жерге түкүрүп, уят болбоймунбу деген түшүнүк буларда караманча жок көрүнөт. 

Пенсияны көтөрүү депутаттын укугуна кирбейт. Андай ыйгарым укугу жок. Колунан келбейт. Анан бул Ыргал айым кайдагы ырды ырдап, акчаны чөнтөгүнөн берчүдөй жомок токуп жатат?

Ошондой эле пенсияны көтөрүп койгон оңой-олтоң колунда турган иш болсо, буга дейре депутат болду ошондо эле ишке ашырып койбойт беле? Ким кой деди? Калпты дагы окшоштуруп айтканга жарашпайт. Ушундай өз ыйгарым укуктуу милдетин билбей оюна келген убаданы берген сабатасыздар депутат болуп келсе кантип элдин мүдөөсү чечилип, өлкө оңолот? 

Анан да Руслан Тагаевдин пайдасы үчүн саясий соодалашууга барып шайлоодон баш тарткан Турсунбай Бакир уулун "Корозубуз качып кетти, качкан короз союлуп казанга анан ашказанга түшөт" - деп сынга алып, өзү Русланга өзү сатылбай айдап чыкканын мактанып айтып отурат. Мына деңгээл...

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости