www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин көпчүлүк эл өкүлдөрү “калпелешкалар”

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева жаңы окуу жылына карата китеп тартыштыгы боюнча маселени козгоп, бул багыттагы ата-энелердин көйгөйүн айтты.

“Жаңы окуу жылынын башталганына бир топ күн болсо дагы көчөдө окуу китептерин издеп жүргөн ата-энелер толтура. Бул багыттагы көйгөйгө өкмөт олуттуу мамиле жасашы кажет. Кезегинде китеп чыгаруу мафиясы боюнча кылмыш иши ачылган, бирок бул көйгөйдү чечкен жок”- деди депутат. 

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Бакай-Ата районунун Өзгөрүш жана  Кең-Алай айылдарындагы мектеп имараттарын капиталдык оңдоо муктаждыгы тууралуу көйгөйдү көтөрүп, райондун Кызыл-Октябрь айылындагы билим уясынын капиталдык ремонтуна толук кандуу акча каражатын бөлүүнү белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев  жогорку окуу жайларын ирилештирүүнүн натыйжасында студенттер жана мугалимдер арасында нааразычылыктар болуп жатканын билдирди.

“Ж.Баласагын атындагы КМУда окуу акысы бирдей эмес, айрым адистиктер негизсиз жоюлуп кетиптир. Мындан сырткары кыскартуунун айынан бир топ окутуучулар жумушсуз калышты”- деди эл өкүлү.

Ошол эле учурда депутат Казакстанда кармалып турган кыргыз ишкери Эрмек Маркабаевдин маселесин көтөрүп, бул багытта тышкы иштер министрлигинин көмөк берүүсүн айтты.  

Депутат Нурлан Ражабалиев Баткен облусундагы ички жолдордун начар абалы тууралуу айтып, жер мунапысы багытында алынып барылып жаткан иштерди тездетүүгө чакырды. Суу тартыштыгы боюнча маселени көтөргөн депутат Динара Ашимова Министрлер кабинетине бул багытта суу стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады.

Бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин көпчүлүк эл өкүлдөрү китеп маселесин көйгөйдү айтып, китептин тартыштыгына боздоп ыйлашты.

Кызыгы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү, бийлик ар дайым, тоок бир жерге келгенде какылыктайт болуп китеп маселесин сентябрь келгенде талкуу кылганы кандай же Африкадан жаңы келдиби? Эл өкүлдөрү эс алууга кетип бара жатканда ушундай маселени көтөрүп кетишсе болмок беле?

Ай “калпелешкалар”, аман эле болуглачы!

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости