www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт заставаны алат экен, 62 жаранды аттырбай, элдердин үйүн күйгүздүрбөй, элди качырбай эле мурда эле ачса болмок. Бул тууралуу «Мээр жазы» уюмунун башчысы Ыргалай Бекмуратова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Чек арага чектеш турган 4 заставанын алынышы абалды жөнгө салуунун аракети десек болобу?

- Төрт заставаны алат экен 62-жаранды аттырбай, элдердин үйүн күйгүздүрбөй, элди качырбай эле мурда эле ачпайбы. Азыр президент же Ташиев элден бир кабар алган жок. Жайгаштырганга жер таппай ошол күндөн ушул күнгө чейин уйку көрбөй жарандык активисттер чуркап элдерди жайгаштырып жүрүшөт. Балдарынын, туугандарын үйлөрүндөгүлөрдүн эсеби жок.

Алардан кабар алган пенде жок. Күйбөгөн жаның күл болот экен. Садыр, Камчы, Таланттарды элдин кадырына жетет, баштарынан көп адилетсиздик өткөн деп эл Кудайга ишенгендей шайлады эле го... Бүгүн эмнеге элден кабар албайт. Арам соттор элдин канын ичип күйдүрсө, сырттан тажиктер кыйнап элдин биротоло жүрөктөрүн түшүрүп бүтүштү.

Эске салсак, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги "Кызыл-Бел" бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон.

Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан "Булак-Башы", "Ак-Сай", "Катта-Туз" посттору жана "Тамдык" заставасы жоюлду.

Ал эми 26-сентябрда УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости