www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык DART (Double Asteroid Redirection Test) зонд «Диморф» астероиди менен кагылышып, Жерди потенциалдуу кооптуу космостук объекттерден коргоонун биринчи түрүн сынап көрдү. Бул тууралуу АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) билдирди.

DART космостук аппараты EST 19:15те Жерге коркунуч туудурбаган астероид менен кагылышкан. Кагылышуу учурунда зонд саатына 24 миң км ылдамдыкта жылып жаткан.

DART өткөн жылдын ноябрында АКШнын Космос күчтөрүнүн Калифорниядагы Ванденберг авиабазасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасынын жардамы менен учурулган.

NASAнын планеталарды изилдөө бөлүмүнүн башчысы Лори Глэйз ийгиликтүү эксперимент «биз өзүбүздү коркунучтуу астероиддерден кантип коргой аларыбыздын жаңы доорун ачат» деди. НАСАнын башчысы Билл Нельсон өз кезегинде илимий эксперименттин жыйынтыгы «келечекте планетаны жакындап келе жаткан астероидден кантип коргоону түшүнүүгө мүмкүндүк берет» деп белгиледи.

Буга чейин NASA аппараттын соккусунан улам чоңураак Дидим астероидинин айланасында айланган Диморфтун орбитасынан бир аз четтеши керектигин түшүндүргөн. Окумуштуулардын болжолунда, бул Жерден телескоптордун жардамы менен четтөөлөрдү оңдоо үчүн жетиштүү болот. Эксперименттин максаты - келечекте планета үчүн чындап кооптуу астероиддер пайда болгон учурда адистерге траекториясын өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү техниканы иштеп чыгуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости