www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдүн Ысык-Ата районунда оор кылмыштарга шектелип, убактылуу кармоочу жайынан качуу учурунда нөөмөт бөлүмүндө болгондорго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Башкы прокуратуранын маалыматына боюнча, саат 01:40 чамасында нөөмөттөгү милициянын кызматкери Т.Ж. жана К.Д. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, айыпталуучу С.К.га качууга жардам беришкен.
Учурда укук коргоо органдарынын эки кызматкери тең кармалып, "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 5-июнда Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан оор кылмыштарга шектелген 28 жаштагы жаран милициянын сержантынын мойнуна бычак такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрастын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк салып, убактылуу кармоочу жайдын ачкычын алып качып кеткени маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg