www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл жана Талас облустарынын мугалимдери менен экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жана Талас облустарынын аймагындагы мектептерде дин таануу боюнча сабак берген мугалимдерге, социалдык педагогдорго «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштѳѳнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталыштагы семинар ѳткѳрүлдү.
Аталган семинарды ИИМдин ЭММКАКтын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамаларды жасап, видеотасмаларды көрсөттү.
Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер таратылды.
Белгилей кетсек, бул иш-чара “Борбор Азиядагы Евразия фонду” коомдук фонду жана ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен биргеликте ѳткѳрүлдү.
Булак: NazarNews.kg