www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды "Золотые пески" пансионатынын көл жээгинде каза болгон Таластын 23 жаштагы тургунунун каза болгондугу боюнча такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат. 

"Акыркы күндөрү социалдык тармактарында, 6-августта "Золотые пески" пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун каза болгон окуясына байланыштуу бир катар чындыка дал келбеген маалыматтар таратылууда. 

Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары өздөрүнүн баракчаларында көл жээгиндеги мушташтын видеосун таратып, аны Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү менен байланыштуу деп ишендиришүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Аталган видеодогу окуя, 3-июлда Кара-Ой айылынын пляж аймагында, жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болуп чыккан. Алардын айтымында, 3-июлда саат 01:00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен.

Мындан тышкары, социалдык тармактардын айрым колдонуучулары соттук-медициналык экспертизанын жүрүшү боюнча эч кандай түшүнүгү жок эле, эксперттер жана милиция бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылып, каза болгон 23 жаштагы Таластык тургундун өлүмүн, анын эпилепсиясы оорусу менен байланыштырууга аракет кылып жатышат деп, ишендиришүүдө. Бул маалымат да чындыкка дал келбейт.

Буга чейин белгиленгендей, Бостери айылынын көл жээгинде эс алуучунун каза болгон фактысы, Ысык-Көл РИИБинин маалыматтарды эсепке алуунун электрондук журналында катталган. Окуянын күбөлөрү аныкталып, сурамжыланган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан тышкары, Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы ар кандай күмөн саноолорду жоюу максатында, каза болгон жигиттин жакындарына аталган экспертизаны Талас облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда жүргүзүүнү сунуштап, алар өз макулдугун беришкен.

Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Экспертизанын чыгарган жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан мыйзам талабына ылайык чечим кабыл алынат.

Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан такталбаган маалыматтарга ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана расмий маалымат булактарына гана таянууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта. 

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы 7-августта билдиргендей, 6-августта таңкы саат 05:10 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун 23- жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул билдирүү райондук милициянын электрондук маалымат реестрине катталып, окуя болгон жерге Бостерин айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Облустук милициядан билдиришкендей, алгачкы сырткы кароодо жигиттин денесинен зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери табылган эмес. Окуянын күбөлөрү менен сурамжылоо жүргүзгөндө маркум 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл облусуна эс алганы келгени аныкталган.

Классташтарынын биринин айтымында, саат 23:30дар чамасында ал маркум жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда маркум белгисиз адамдар менен барда урушуп кеткен. Кийин аны бардын аймагынан эс-учун жоготуп жаткан абалда табышкан. Жардамга чуркап келген эс алуучулардын бири өзүн медицина кызматкеримин деп тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган.

Милиция кызматкерлери жардамга келген жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал Ош облусунун тургуну 23 жаштагы У.К аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Анын айтымында, ошол күнү таңкы саат 05:00 чамасында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сурап кыйкырган үндү уккан. Ошол жерге чуркап барып, жигитке дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып жабырлануучунун тилин жутуп алганын байкап, тилин сууруп алуу үчүн жабырлануучунун оозун ача баштаган. Бул учурда тез жардам бригадасы келип, жардам көрсөтүүнү уланткан. Бирок жигитти эсине келтирүү аракетинин баары текке кеткен.

Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости