www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда ИИМдин кызматкерлери жарандан 30 миң АКШ долларын опузалап талап кылууга шектелген эки адамды кармашты.
Маалыматка караганда, алар Ананьево айылындагы 10 гектар жер тилкесин пайдалануу укугу боюнча сынакта мыйзамдуу жеңүүчү болгон жарандан акча талап кылышкан. Шектүүлөр жер тилкесине тиешелүү келишимди атайылап түзбөй, жеке кызыкчылыктарын көздөшкөн.
Акча талап кылып жаткан жеринен Ысык-Көл токой чарбасынын токой инженери Т.Б., 1979-жылы туулган, жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөтүлгөн К.Д., 1969-жылы туулган, кармалган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Тергөө иштери уланууда.