www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда эки патрулдук машинаны коюп кеткен № 26 колониянын жетекчисинин орун басары Тукешов М. С. кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) билдирди.

ЖАК кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Жол кырсык 17-июлда катталган. Жетекчинин орун басары автоунааны мас болуп айдап бара жаткан деген ЖКККББнын маалыматын ЖАК дагы тастыктады. Ал KIA Rio үлгүсүндөгү автокөлүгү менен Кара-Ой айылындагы ИИББдин имаратынын жанында токтоп турган кызматтык автоунааларды коюп кеткен. Окуянын кесепетинен үч инспектор жабыркаган.

Подполковник Тукешов менен кошо ошол эле колонияда иштеген нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси, майор Ибраев Э. И. дагы болгону айтылды. Кызматтык тергөө учурунда ал дагы иштен бошотулган. № 26 мекеменин жетекчиси, майор Рымбеков Р. М. сөгүш алган.

ЖАК ведомствонун кызматкерлери Ысык-Көлгө иштен кийинки убакта барышканын, бирок бир катар укуктук жана кызматтык ведомстволук актыларын бузушканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости