www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 19–20-август күндөрү Ысык-Көл облусунда жүрүп жаткан бир катар курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа базасынын аймагында курулуп жаткан кар көчкү станциясына барды. Бул жерде эки автоматтык метеорологиялык станция жана кызматкерлер үчүн имарат курулууда.

Жаңы станция аймактагы кар көчкү коркунучун алдын ала аныктоого, аба ырайына так байкоо жүргүзүүгө жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга шарт түзөт. Министр курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Түп районунун Кең-Суу айылында жаңы өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн курулушу башталган. Заманбап имаратта куткаруучулардын ыкчам иштөөсү үчүн бардык шарттар каралат.

Ошондой эле Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл районунун Темир айылында 200дөн ашуун турак үйдү, айдоо аянттарын жана Бишкек–Каракол унаа жолунун 600 метр тилкесин коргой турган сел өткөрүүчү каналдын курулушу менен таанышты.

Ананьево айылында курулуп жаткан №33 жаңы өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн курулуш иштеринин жүрүшү да көзөмөлдөндү.

Министр тиешелүү жетекчилерге курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөтүн сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Последние новости