www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн рейд учурунда 500 метрге жакын эски синтетикалык тор суудан чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан көлдүн акваториясында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейд Жаркынбаево, Орукту жана Чоң Орукту айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 500 метрге жакын эски кытай синтетикалык торлор табылып, суудан чыгарылды.
Адистердин маалыматына ылайык, мындай торлор суудагы биологиялык ресурстарга олуттуу зыян келтирип, балыктардын жана башка суу жаныбарларынын кырылышына алып келиши мүмкүн.
Ысык-Көлдүн биологиялык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.