www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Айбек Карымов бүгүн, 26-сентябрда интернет аркылуу түз эле Президенттин алдында уюштурулган Кыргыз тил комиссиясынын жетекчи кызматын сурап, бийлик төбөлдөрүнө пикир катары кайрылды:
“Бир жолу Астанага концерт койгону 5-6 ырчы поезд менен жөнөдүк. Баары эле белгилүү ырчылар, аттарын айтпай эле коеюн. Бир ырчы кызыбыз купеде олтурган бир казак чалга орусча сүйлөп кайрыла калды окшойт.( “жаныңыздагы орун бошпу?” деп орусча )... Айланайын, бир маалда вагондун ичинде ызы-чуу! “Сен неге мага орусча кайрыласын” деп кууп алган жанагы казагыбыз. “Казаксыңбы? “Казакча сүйлө!” деп урушуп кирди. Анан мен барып ага, “бул казак эмес, кыргыз” десем, ого бетер атырылып кирсе болобу. Ошондуктан орусча суйлөө - бул мода эмес деп айткым келет. Кыргызча түш жоруп турсаң, кандай керемет!
Тил комиссиясы дегеле иштебейт! Мага Тил комиссиясын бир жылга беришсе гана! Аттин, кантип тилди кантип өнүктүрүүнү көрсөтөт элем!.." - деп кайрылат.
Туура, Карымов суктангыдай ал жерде жарытылуу айлык жок. Бирок ырчы агабыздын улут үчүн күйүп жатканын түшүнүп турабыз. Билбейм, эмнеге эле Кыргызстанда пенсионерлер кызмат модасынан такыр түшпөй жатышканын...
Кеткиле да!.. Эс алгыла! Силерден кийин да иштеш керек го акыры...
Булак: NazarNews.kg