www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы губернатордун аш-тойдон калган себептери - Аманбай Кайыповду нарындыктар эттүү кесмеге да чакырбай калышкан. Мындай пикири менен, бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ар түрдүү маселелер" жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев коомчулукка коңгуроо какты. Бирок, эмне себептен экс губернатор "кесмеден" как калганын ачыктаган жок.
Депутаттын пикиринде, учурда өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жаны тынбай, чуркап, иштеп эле жүрөт. Бирок, ошол эле учурда Нарын жергесине эрте кар түшөөрүн эскерткен Жолдошбаев, Кара-Кече көмүр кениндеги катталган 14 фирманын үчөөсү гана бүгүнкү күнү араң иштеп жатканын айтып кейигендей болду.
Демек, мурдагы губернатор чуркап иштебей койгон үчүн “Беш бармактан” куру калган экен.
Эми жаңы губернатор айтылгандарды эске албаса нарындыктардын сый-тамагынан калат экен да...Ошо Аманбай Кайыпов эмнеге арыктап кетти десе...кап...
Булак: NazarNews.kg