www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков азыркы саясий кырдаал боюнча өзүнүн пикирин билдирип атып, “Партиялашы Иса Өмүркуловдун партиядан четтетилиши боюнча “Алмазбек Атамбаев “Партиядан Иса Өмүркуловду чыгарам” деп чечим кабыл алдыбы, муну экөө партияга залакасын тийгизбей ич ара чечип алышсын. Эч кимисин коргобойм, эч кимисин кордобойм. Мен калыс пикирде болом” деп баса белгиледи.

-- Көптөн бери ММКга чыкпай жүргөн Атамбаев “Апрель” телеканалына кеңири маек берди. Анын маегин кандай кабыл алдыңыз?

-- Мен Алмазбек Шаршеновичтин берген интервьюсун карапайым-калкка кайрылуу катары эмес, жеке башына кайгыруу катары кабыл алдым. Көбүнесе, Алмазбек Шаршенович бүгүнкү мамлекетте болуп жаткан көйгөйгө эмес, өзүнүн кол алдында иштеген же болбосо жанында жүргөн адамдардын тагдырына көбүрөөк күйгөнбөй болду. Бир жылдын ичинде ал киши көп нерселерди айтса болмок. Себеби, сырттан туруп байкаган адамдарга өкмөттүн адамдары, өкмөттүн кадамдары жакшы көрүнөт. Сын айтканга негиздүү нерселер бар болчу. Бирок, бирин да айта албады. Демек карапайым калктын тагдырына эмес, жанындагы адамдардын азыркы тагдырына болушкандай эле болду.

-- Коомчулукта Атамбаевдин маеги курч болбой калгандыгын айтып атышат. Буга кандай дейсиз?

-- Өзү мураскер катары бийликке алып келген Сооронбай Шариповичке болгон таарынычын ачыкка чыгарып салды. Мурдагы мамлекет башчынын азыркы мамлекет башчыга сын айтканын карапайым калк жакшы кабыл албайт. Анткени “Анда эмне алып келдиң?” деген суроо туулуп калат. Президенттин иштеп атканына бир эле жыл болду да. Ошондуктан анын ишине баа бергени эртерээк болуп калды. Бирок, ошого өзү деле жетип калган. Эки достун ортосундагы эрегичтер эртеби-кечпи жарылып, экөөнүн бирөөсү ачыкка чыкмак. Бир жылдан бери элдин баары “Алмазбек Шаршенович эмне айтат болду экен?” деген бүдөмүк ойдо жүргөн. А бирок, бул күтүлгөн эле нерсе болгон.

-- Жакында болуп өткөн Курултай Атамбаевди сынга алып “Камалыш керек” деген  чечимди колдоду го. Бул боюнча пикириңиз кандай?

-- Оппозиция күчтүү болсо, бийлик күчтүү болот. Оппозиция алсыз болсо, бийлик өзүнүн билгенин кыла берет. Мурункудай күчтүү оппозиция болсо, анда бийлик ошолорду карап күзгүдөй өзүн каранып иштемек да. Тилекке каршы булар үлгү да, күзгү да боло албайт да. Үлгү боло турган адамдар таптакыр башка. Курултайга катышкандай мага таарынышпасын, бирок, булардын бардыгы бийликтен чыгып калгандар, элге батпай бийликтин эшигин какпай калган таарынычы калың адамдар эле. Алар Курултайда эле эмес, буга чейин деле бир нече кыймылдарды уюштуруп өзүн оппозиция катары сезишкени менен эл аларды оппозиция катары кабыл албайт. Эл аларды оппозиция катары кабыл алса, анда эл алардын артында болмок. Алардын уюштурууга кеткен каражаттары барандуу болуп бийликке кандайдыр бир таасирин көрсөтмөк. Тилекке каршы алардын артында эч ким жок экендигин, бийлик менен соодалашууга бара жатканын эл билип-сезип деле калган. Мен алардын бирисине да ишенбейм. Себеби, алардын баардыгы буга чейин бийликте болуп келген. Алардан “Ошондо жасабайт белеңер? Кылбайт белеңер?” деп сураган киши жок да.

-- Ошондо Курултай максатына жетпей калдыбы?

-- Өздөрү “Биз максатыбызга жеттик” деп айтып атышпайбы мүмкүн, алардын максаты соодалашуу чыгар. Алар болгону баа берип, талап коюшту. Ишенбай Кадырбеков “Азаттык” радиосуна берген маегинде: “ “Атамбаевдин алты жылдык бийлиги жарабайт, Сооронбай Шаршеновичтин бир жылдык бийлиги канааттандырат” деп кабыл алганда туура болбой калат” дейт. Себеби, бул президент мурунку президенттин бийлигин улап келе атат да. Биз алты жылга бирдей баа беришибиз керек. Дегиле бир жылга баа берилбейт. Бир жылда президент эмнеге жетишет? Бийликтин түзүмүнө баа берсең болот, а бирок түшүмүнө баа бере албайсың да. Анткени алар жаңы гана иштеп баштады. Жок дегенде үч жылдан кийин “Урматтуу Сооронбай Шарипович, эми отчет бере турган убак келип жетти. Сиз келгенде буларды айттыңыз эле, биз сизге ишенип колдодук эле. Бирок айткан сөздөрүңүздүн, убада дегендин баардыгы “д” тамгасы “р”га алмашып убара болуп калды” деп сураса негиздүү болмок. Анан эле “Жок, бул кишиники канааттандыраарлык. Биз 7-апрелге чейин убакыт беребиз. Биздин талаптарды аткарбаса, тескери баа беребиз” дегендин өзү соодалашууну көрсөтүп койбодубу. Курултайдын максатынын төркүнү ушул жакта жатпайбы.

-- Курултайды Атамбаевга таарынычы чоңдор чогулуп алып, экс-президенттен өч алуу максатында уюштурду дегендер да чыга баштады го...

-- Атамбаев бийликтен кеткенден кийин баа берүү бул жигиттик эмес. Дегиле өткөн нерсеге баа берүүнүн кереги жок. Булар мамлекетти өнүктүрүү жөнүндө эч нерсе айтышкан жок. Жеке таарынычтарын айтып алышты. Муну мен Курултай жыйыны дебейм, “т” түшүп калган Курулай жыйыны деп эсептейм. Бул жеке менин пикирим.

-- Учурда Конституцияны референдум аркылуу кайра өзгөртүү маселеси көтөрүлө баштады. Өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы, оюңуз кандай?

-- Баш мыйзамды өзгөрткөндөн багытыбыз өзгөрүп кеткен жок. Ар бир президенттин убагында Баш мыйзамды өздөрүнө ылайыктап өзгөртө беришет. Бирок, кыргыздын жашоо-шарты, экономикасы өзгөргөн жок. Эгерде Баш мыйзамды кандайдыр бир экономикалык негиздер менен өзгөртсөк, анда мен макул болмокмун. Тилекке каршы, Баш мыйзамды алмаштыргандан Кыргызстанда кымындай да нерсе өзгөргөн жок. Бийликтин башындагыларга эле бийлигин жүргүзгөнгө шарт түзүп атат. А калапайым калк үчүн кандай гана мыйзам болбосун иштеп келет. Бийликтин башындагылар өздөрү чыгарган мыйзамды өздөрү сыйлабаса, анда ал мыйзамдын кимге кереги бар. Кептин баары ошондо да. Биз Баш мыйзамды эмес, аң-сезимибизди, багытыбызды өзгөртүшүбүз керек.

-- Бийлик алмашкан сайын Баш мыйзамды өздөрүнө ыңгайлаштырып өзгөртүп алып атышпайбы. Ушул туурабы?

-- Туура эмес! Мен депутат катары башка мамлекеттерде парламент кабыл алып жаткан мыйзамдарды көп билгенге аракет кылам. Тилекке каршы, бизчелик мыйзам чыгарган мамлекет жок экен. Бизде күнүгө Жогорку Кеңеште эки-үч мыйзам өтүп атат. Мисалы, Салык Кодексине сексен жолу өзгөртүү киргиздик. Мындайча айтканда сексен жолу авария болгон автоунаа жүрөбү же жүрбөйбү? Кеп ошо да. Ошон үчүн Кыргызстанда экономикалык стабилдүүлүк жок болуп атпайбы.

-- 2019-жылдын бюджети тууралуу сын-пикирлерди көп айтышууда. Депутат катары бюджеттин долбоору сизди канааттандырдыбы?

-- Таптакыр канааттандырган жок. Бул жөн эле сандар, кыялдар. Ушул жерде отуруп алып 2020-2021-жылдын бюджетин божомолдоо туура эмес. 2021-жылы өкмөт эмес, биздин мөөнөтүбүз бүтүп калат да. Аны айтыштын канчалык кажети бар!? Өкмөт жаздан чыгабы, саздан чыгабы? Аны бир Кудай билет. Бюджет дегенде эле “бүт жейт” деп мен тамашалай берем го. Биз бюджетти кабыл алып беребиз. Бирок, ошол бюджет аткарылбай калгандыгы туурасында жооп тарткан бир дагы адам жок болуп атпайбы. Бюджет – бул мамлекеттин эң негизги экономикалык паспорту. Бул закон бизде аткарылбай жатпайбы. Мисалы, бир дагы министр бюджетти аткарбагандыгы үчүн жоопко тартылган эмес. Жоопко тартыш керек болчу. Ошондо келе турган министр “Мен эртең элдин алдында алкышына эмес, каргышына кабылып калам. Мен ушуну аткарышым керек” деп планды аткарыш үчүн иштейт. Бизде андай жок да.

-- Депутат катары Өкмөткө эмнени сунуштайт элеңиз?

-- Өкмөт Жогорку Кеңештин, президенттин көзүн карап отура бербеш керек. Өкмөттүн башындагы адам өткүр, өктөм адам болуш керек эле. Жогорку Кеңеш бюджетти кабыл алып бердиби, болду талыкпай иште. Ар ким өзүнүн тармагында реформа жасап, команда болуп иштеш керек эле да. Бирок, мен ушуга чейин бир команда болуп элдин жүгүн көтөрүп кете турган өкмөттү көрө элекмин. Биринин артынан бири кетип алмашып эле атышат. Биз түшүнбөй деле калдык. Түшкө чейин бир министр, түштөн кийин бир министр.

-- Кадр саясаты кеңири токтоло кетсеңиз?

-- Кадр саясатындагы аракеттер өтө чабал. Мен башында эле “Бул балдардын эмес, чалдардын өкмөтү” деп сындагам. Чалдардын баардыгы чарчап четинен кете башташты. Кечээ жакында эле транспорт министринин кол алдындагы адам олчойгон акча менен кармалгандан кийин “Мен шок болдум” дебей, “Мен ит болдум, менин да моралдык жоопкерчилигим бар” деп, министр кызматын тапшырып кетиши керек эле да.

-- Бирок, ошончо суммадагы акчаны министр билбей калышы мүмкүнбү?

-- Ошончо олчойгон суммадагы акчаны орун басар өзү эле жута албайт. Билбей калышы мүмкүн эмес. Ал “бийликтегилердин билип койгонуна шок болдум” деп атса керек да.

-- Акыркы суроом болсун, Иса Шейшенкуловичтин партиядан чыгарылышы боюнча кандай көз караштасыз?

-- КСДП партиясында мен сыйлаган төрт адам бар болчу. Бул А. Атамбаев, С. Жээнбеков, Т. Абдраимов, И. Өмүркулов. Ушул төрт адам партиянын башында болуп келишкен. Ушулардын бири-бирине болгон эрегиштерине мен кошула албайм. Бирине тартып, экинчисин коргоп же кордой турган аксак эмесмин. Эч кимисин коргобойм, эч кимисин кордобойм. Мен калыс пикирде болом. Алмазбек Атамбаев партиядан Иса Өмүркуловду чыгарам деп чечим кабыл алдыбы, муну экөө партияга залакасын тийгизбей ич ара чечип алышсын. Бул нерсе партияны идеал тутуп жүргөндөргө өтө кыйын.

Кымбат Турдубекова

Булак:  “Параграф”

Последние новости