www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев саясый аренадан кеткенден бери Кыргызстан тынчып эле калган болчу. Жалпы кыргыз эли, баштагы президенттердей болуп өлкөдөн куулуп кетпей, Кой-Таштагы үйүнүн ичинде жашап жатканына топук кылып, Атамбаев акылына келген тура деп сүйүнүп калган экенбиз. Бул “пахмелден” кийинки убактылуу тыныгуудай эле болуп калды. Көрсө, Алмаз Атамбаев жеке менчик “Апрель” ТВсында “Мы вам покажем!”–деп тишин кычырата кекенип, өзүнүн жердештери айткандай Кой-Таштагы “түрмөдөй” болгон үйүндө дымып, ачыткы жыттанып, чылада жаткан чочконун богундай болуп быкшып, “сасып” жаткан тура.

Кыргызда “жаман иттин аты бөрүбасар” деген сөз бар. Кой-Таштагы Кабылан (Атамбаев өзүн ошентип айтат) жөн жатпай “Апрель” ТВна кенен маек берүү менен азыркы президентке ачык “саясый согуш ачты”. Бул албетте өтөөкүнүчтүү нерсе. Аталык болбой калган Атамбаев: “Өзгөчө мени таң калтырганы, “Биринчи-Кудай, андан кийин сиз” деп, 24 жыл жанымда дос болумуш болуп жүргөн адам мага ушундай душман болуп чыгып келсе, ушундай душманчылык кылып жатса…”–деп Сооронбай Жээнбековго нааразы экенин жалпы элге жарыя кылды. Атамбаев өзүн президенттей сезип, ал эми Жээнбековду Ош областынын губернаторундай мамиле кылууда. Өзүн Кокон ханындай сезип калган адамга, “Өкүмдарым, доораныңыз өтүп кетти…”- деп айткым келип турат.

(уландысы бар)

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости