www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аткезчилик боюнча айыпталып, Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун паспорту жараксыз деп табылды. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирген.
Маалыматка караганда, Дамирбек Асылбек уулун кармаган учурда анын жанынан Казакстандын паспорту табылган.
Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, арасында Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу кыргыз жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.
Алардын ишин Алматы район аралык соту карап жатат. Жараян быйыл 19-октябрда башталган. Ал күнү мурдагы депутат кыргыз жараны экенин билдирип, өзүн Кыргызстанда соттоону суранган.
Булак: Азаттык