www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдын абалы оор. Бул тууралуу маалыматты Нургазы Мусаев өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Мурдагы министр оор абалда! Кыргыздын кара чечекей баласы, мурдагы ИИМ министри Мурат Суталинов рактын акыркы стадиясы менен ооруп, оор абалда жатат. Баш кесер Азиз Батукаевди үч күндө өлөт деп чыгарган онколог врачтар кайдасыңар!, деп билдирген журналист Нургазы Мусаев.
Эске сала кетсек, Мурат Суталинов учурда №47 абакта. Маалыматтарга таянсак рак оорусуна чалдыгып, оорусу өтүшүп кеткен. Буга чейин “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “парламентте каралып жаткан мунапыска ылайык "биринчи жана экинчи топтогу майыптар эркиндикке чыгарылсын" деп каралууда. Суталинов мына ушул топко туура келет. Анын абалын дарыгерлер туруктуу түрдө оор деп баалашкан”, деп билдирген эле.
Булак: NazarNews.kg