www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген күйөөгө сот чечим чыгарды. Анда Каракол соту айыпталуучуну күнөөлү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Эсения Рамазанова билдирди.

"Бул жаранга коюлган берене боюнча айыпталуучуга эң минималдуу 12 жыл берилиши керек болчу. Бирок сот 7 жарым жыл берди. Биз соттон 20 жыл сураганбыз. Бул айыпталуучу мурда дагы аялын бычак көтөрүп өлтүрөм дегени үчүн соттолуп, анын эки жылы калган. Бирок сот негедир аларды эске алган жок. Биз эми облустук сотко кайра арыз менен кайрылабыз", - деди жактоочу.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камаккаалынган. Ал эми жабырлануучу окуяны мындайча айтып берген.

7-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазып берген, бирок кийинчерээк жолдошу басым жасагандыктан тосмо арыз жазууга мажбур болгонун айткан.

Облил бензином и поджег. Пострадавшая рассказала о причине ...

В Караколе мужчина облил жену бензином и поджег

Булак: NazarNews.kg

Последние новости