www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө бир киши аялын шылдыңдап, андан кийин ал келинчегин таанышына таштап кеткен. Бул тууралуу соттук иш тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу токтотулган. Өкүм Жогорку Соттун веб-сайтына илинди.

Ысымдар өзгөртүлдү.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары 1990-жылы туулган жумушсуз Канат экени көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-январында саат 14:00 чамасында ал 1993-жылы туулган келинчеги Тамиланы сабаган. Күн бою Канат аны эч жакка чыгарбай, үйдө күч менен кармап, ага психологиялык зомбулук көрсөтүп, шылдыңдап, мазактаган.

Эртеси Тамиланы үйүнө алып кетем деген шылтоо менен ал аялын Ананьево айылындагы тааныш кишисинин үйүнө алып барып, эки сааттан кийин кайтып келем деп убада бергени менен келбей койгон.

Соттук отурумда Канат күнөөсүн мойнуна алган. Бирок анын айтымында, ал жубайы менен жарашкандыгына байланыштуу сот ишин токтотууну суранган.Тамила күйөөсү менен жарашкандыгын, ага каршы эч кандай арызы жана айыптоолорунан баш тарткандыгын ырастады. Тараптардын аргументтерин уккандан кийин, сот ишти кыскартууну чечти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости