www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта жолдошунан кордук көргөн аялды жолдошунун туугандары келип, туш тараптан талап жатып тосмо арыз жаздырышты. Мындай пикирин Замира Молдошева өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Бүгүнкү жаңылык - бул Сузактагы болгон окуядан кийин аялы «доом жок» деген арызын жазыптыр. Ал айымды күнөөлөгөнгө эч кимибиздин акыбыз жок, себеби башка жашоону көргөн эмес. Себеби жолдошунун туугандары келип, туш тараптан талап жатып жаздырышты.

Ооба, баарыбыз эле боорубуз ооруп жатат, бирок эмнегедир эч кимибиз кол сунуп жардам кылгыбыз келбейт. Чооң сураныч, ушул айымдын телефонун таап бергенге мага кимиңер жардам бере аласыңар? Мен аябай сүйлөшкүм келип жатат, сураныч» - деп жазган дизайнер.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Бугунку жанылык- бул Сузактагы болгон окуядан кийин аялы "доом жок" деген арызын жазыптыр.😥 Биз эч кимибиздин акыбыз жок,ал айымды куноологонго,себеби башка жашоону коргон эмес,себеби жолдошунун туугандары келип туш тараптан талап атып жаздырышты. Ооба баарыбыз эле боорубуз ооруп жатат,бирок эмнегедир эч кимибиз кол сунуп жардам кылгыбыз келбейт. Чооон сураныч мага киминер жардам бере аласынар ушул айымдын телефонун таап бергенге,мен аябай суйлошкум келип жатат,сураныч🙏🙏🙏

Публикация от ЗАМИРА МОЛДОШЕВА ДИЗАЙНЕР (@moldoshevazamira)

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 13-июнь күнү кордук көрсөттү делген эркек кишинин баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган. Укук коргоо органдарындагы булактардан белгилүү болгондой, аял жеке жашоосуна кийлигишкен жарандарга каршы чыгып, сабаганына карабастан, күйөөсү менен үй-бүлөлүк жашоосун улантууга ниеттенүүдө. "Бул менин үй-бүлөм жана бул окуя үй-бүлөмдүн урашына себеп болушун каалабайм", - деп айтканы кабарланды. 

Анын тосмо арызы жолдошун жоопкерчиликтен куткарабы деген сурообузга Жалал-Абад ОИИББи аны сот чече турганын маалымдап, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости