www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Усубалиевди эл акыны Майрамкан Абылкасымова, Атамбаевди депутат Иса Өмүркуловдор «Журт атасы» деп кошоматтанышты. Ал эми Акаевди маркум Барчынбек Бугубаев: «Эй кыргыздар Акаевди ата дейли» -деп коркутту. Кыргыздардын барынын жүрөгү түшүп кетип «Ата» дей баштады эле, жалгыз эле Саяковский чыгып Акаевди Ата десең, Майрамды мама деп ал деп сес көрсөттү. Атамбаевди «Журт атасы» деп даңазалап жүргөн  Иса Өмүркулов бүгүн Атамбаевди карап «үрүп» калыптыр. Атамбаев өкмөт башына келгенде Иса мырзаны Бишкекке мэр кылган. Анын Ата-Түрк сейил багын кыргыз атка минерлери бөлүп алып хансарай салып жатканына ооз ачып унчуга алган жок. Анын уулу жолдо кетип бараткандарды таракандай тебелеп кетти. Кылмыш иши козголду эле досу Атамбаев басып койду. 2013-жылы Бишкек мэри Иса Өмүркуловго БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: «ЖЕҢИШ СЕЙИЛ БАГЫНЫН АЯНТЫН МЫЙЗАМСЫЗ КИЧИРЕЙТКЕН» деген кылмыш ишин козгоп, Бишкек мэринен жек көрүмдүүлүк менен түшүп, камала турган болгондо, досу Атамбаевге жетип барып буурчак-буурчак жашын төктү эле, досунун боору ооруп кетип, бул кылмыш ишин жаптырып, КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат кылып, кийин КСДП фракциясына жетекчиликке алып келген. Атамбаев президенттен кетип бара жатып досун унуткан эмес, эч эмгеги жок Иса Өмүркуловду «Даңк» ордени менен сыйлап кеткен.Эми башкалар Атамбаевди жамандаса жамандай берсин, «пилге үргөн кандекке» окшоп, Атамбаевдин жакшылыгын көрүп, 2016- жылы референдум учурунда  «журт атасы» деп жүрүп, эми кызматтан кеткенде аны жамандап жатканын карапайым эл кандай түшүнөт?  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости