www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зардалыга бара турган жалгыз жол кеңейтилди

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. 

"Жумуштар “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылды.

Жерине тартылган атайын техникалар жана жолчулар жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турчу тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүзүштү", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости