www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Түркияда жүргөн өзбекстандык кыз-келиндерге кайрылып, аларды түнкү кафелерде официант болуп иштебөөгө чакырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө социалдык түйүндөрдө мекендештерге ири суммада акча сунуштап, Стамбул, Анаталья, Измир жана Бодрум сыяктуу шаарларга "консоматрис" (ресторан, бар жана башка коомдук тамактануу жайларда кардарларды тейлөө) ишине чакырган билдирүүлөр тарап жатканы белгиленген. Маалыматка караганда, мындай учурларда түнкү клубдун кызматкерлери суусундуктар менен тамак-ашты кымбатыраак сатууга жардам берүү үчүн жаш кыздарды жалдашат.

"Урматтуу эже-карындаштар! Баарыңыздарга эле белгилүү болгондой, "консоматрис" кесиби биздин салт-санаабызга, улуттук баалуулуктарыбызга жана динибизге туура келбейт. Түркияда жабырланучу же күнөөлүү болуп калбаш үчүн бул өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого жана сиздердин өмүрүңөр менен ден соолугуңарга коркунуч алып келиши мүмкүн болгон жерлерден алыс болууга чакырабыз", – деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Анда ошондой эле мындай ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдар Түркиядан депортацияланышы мүмкүн экени да белгиленген.

Qalampir.uz басылмасы Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна шилтеме кылып кабарлаганына караганда, учурда Түркияда 300 миңден ашык өзбекстандык мигрант бар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости