www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салууну сунуштады.

Ал Юстиция министрлиги аталышы диний сөздөрдү камтыган мекемелерди уюм катары каттабай коюшу керектигин айтты. Антпесе элдин ишенимин пайдаланып алдап кеткендер четтен чыгууда.

"Бир кооператив ислам динин жамынып алгандыктан, айылдарда керек болсо молдолор кирип кетиптир. Анан молдону көрүп жөнөкөй жарандар да акча салган. Анын аталышы "Ислам" болчу, ошого карап реалдуу экен деп ишенип алышкан. Азыр бул кооператив элге 256 миллион доллар карыз экен. Дагы бир чоң "бомба" келе жатат. Кооперативдерге кайрыларым, динди жамынып алдабагылачы, силер элди тозокко алып баратасыңар", — деди Маматалиев.

Бүгүн парламентте "Кооперативдер жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Депутат ушул сунушту мыйзамга киргизип, динди булгап элдин башын айлантууга тыюу салууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости