www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын бийлиги Иранга азык-түлүк, дары-дармектен турган гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Жүккө ун, күрүч, шекер, кесме азыктары, күн карама майы, консерва сыяктуу азык-түлүктөр, ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдар кирди», - деп белгиленет ведомствонун Telegramдагы билдирүүсүндө.
Өзбекстандын бийлиги бул демилге эки өлкөнүн ортосундагы достук, тилектештик жана өз ара жардамдашуу салттарынын жаркын көрүнүшү болгонун белгиледи. Буга чейин өзбек тарап Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырган.