www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлиги менен Кытайдын BYD конгломератынын ортосунда Өзбекстанда электр жана гибриддик унааларды өндүрүү боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, "Узавтосаноат" менен BYD Auto компаниясы электр жана гибриддик унааларды чыгарган BYD Uzbekistan Factory биргелешкен ишканасын түзүүнү пландоодо.

Инвестициялык долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында 50 миң автоунаа чыгаруу пландалууда. Экинчи этаптын бүтүшү менен өндүрүш көлөмү жылына 300 миң автоунаага жетет.

Ушул эле күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев BYD делегациясын кабыл алды. Жолугушууда Жизак облусунда гибриддик жана электромобил унааларын чыгарууну тездетүүдөн тышкары инженердик жана тейлөө борборлорун түзүү менен Өзбекстанга BYD электр автобустарын жеткирүү пландары да талкууланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости