www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Ош облусунун Ноокат районунда селден жабыркагандарга 95 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Гуманитардык жардамды 3-июлда коңшу мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегация жеткирип келди. Анын ичинде ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүктөр бар.

Эскерте кетсек, 28-июнда Ноокатта катуу жааган жаандын айынан сел жүргөн. Анын айынан 10 адамдын өмүрү кыйылды, алардын ичинде жаш балдар да бар. Ошондой эле үйлөрдү суу каптап, 10дой турак жай жараксыз абалга келди, көпүрөлөрдү сел алды.

30-июнда Кара-Кулжада унааны сел агызып, анын ичиндеги ата-эне эки баласы менен коз жумду.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости