www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Фергана шаарында кичинекей баласын көтөрүп жүргөн аялга орой мамиле кылып, аны тээп жиберген полиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Фергана облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-сентябрда социалдык түйүндөрдө полиция кызматкери балалуу аялды тээп, аны күч менен автоунаага отургузуп жатканы тартылган видео жарыяланган. Укук коргоо кызматкеринин бул аракети коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-сентябрда жол коопсуздугун көзөмөдөө кызматкерлери баласы менен кайыр сурап жүргөн аялдан жолго чыкпоосун өтүнүп, аны менен "профилактикалык максатта" сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок аял полиция кызматкерлерине "активдүү каршылык көрсөткөн".

"Аялды автоунаага отургузууга аракет кылганда ал баласын жерге таштап жиберип, аны инспекторлор кармап калышкан. Кызматкерлердин биринин андан аркы аракети коомдук резонанс жаратып, ошол эле күнү кызматтык териштирүү башталган. Анын жыйынтыгында инспектор иштен алынган", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости