www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Ташкентте жана Сырдарыя облусунда жаңы төрөлгөн балдарды сатуу боюнча эки факты катталганын билдирди.

Борбор калаада Мамлекеттик күзөт кызматы менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен операциясынын жүрүшүндө 15-июнда төрөлгөн баласын 35 миң долларга сатып жаткан 1984-жылы туулган аял кармалды. Ал баланы кайра талап кылбайм деп тил кат жазып жатканда кармалган. Төрөт үйүнүн дарыгери да баласын сатууга көмөк көрсөткөнү үчүн 200 доллар алып, кармалган.

Андан тышкары, Сырдарыя облусунун Баяут районунда Мамлекеттик күзөт кызматы Башкы прокуратуранын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте 4 жаштагы баланы сатууга бөгөт койду. 1993-жылы туулган аял 2018-жылы туулган уулун 16 миң долларга сатып жаткан жеринен кармалды.

Эки факты боюнча тең кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин, июль айынын башында Самарканд шаарынын тургуну 2 жашар кызын 5 миң долларга сатууга аракет кылганы маалымдалган. Сот үч баланын энесин 4,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми, июнь айында Гүлистанда баласын 15 миң долларга саткысы келген аял кармалганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости