www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэнин өлүмүнө шектүү Ямагами Тецуянын кол салууда колдонгон куралды жасоо үчүн YouTube видеолорун көргөнү билдирилди.

Kyodo News кабарына караганда, тергөө кызматкерлери Ямагаминин Абэни аткан куралды жасоо үчүн YouTube видеолорунан жардам алганын маалымдашты.

Ямагами полиция кызматкерлерине кол салууга даярдануу үчүн бир объектте куралды сынаганын айткан.

Ямагаминин мурда да бомба жасоого аракет кылганын белгилеген тергөөчүлөрдөн бири болсо кол салуучунун алгач бир диний топтун лидерине кол салууну каалаганын, андан кийин чечимин өзгөртүн Абэни бутага алганын билдирди.

Абэ 8-июлда өлкөнүн Нара шаарында Либералдык-демократиялык партиянын талапкеринин шайлоо өнөктүгүн колдоо боюнча ачык асман алдындагы иш-чарада сүйлөп жатканда кол салууга дуушар болгон.

Япониянын мамлекеттик телеканалы NHK кол салуудан кийин оор жаракат алып ооруканага жеткирилген Абэнин каза болгонун жарыялаган.

Последние новости