www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары эгер Батыш сунуш кылган орус мунайынын баасына чек коюлбаса, мунайдын баасы баррелине 140 долларга чейин жетет деп эсептешет. Бул тууралуу Батыш маалымат каражаттары АКШнын Каржы министрлигинин атын атагысы келбеген өкүлүнө шилтеме жасап жазып чыгышты.

Чоң жетиликтин өлкөлөрү июнь айында өткөн саммитте Орусиядан энергетикалык ресурстарга болгон көз карандылыкты азайтуу ниетин ырастап, орус мунайына жана газына бааларды чектөөнү болжолдуу түрдө макулдашкан. АКШ президенти Жо Байден орус мунайына бааларды сатып алуудан баш тартуунун ордуна чектөө мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан.

АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен бүгүн, 12-июль күнү Япониянын каржы министри Шуничи Сузуки менен орусиялык мунайдын баасын чектөө боюнча сунуштарды талкуулаары күтүтлүүдө. АКШ департаментинин расмий өкүлүнүн айтымында, Япония "баанын чегин" өтө төмөн деңгээлде коюуга тынчсыздануусун билдирип, бирок баррелине 40-60 доллар баага каршы чыккан эмес, деп Рейтер агенттиги билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости