www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд жана Забул провинцияларында кеминде 40 киши холерадан каза болгонун Khama Press билдирди. Palhwok маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Гилменд провинциясында каза болгондордун арасында 15 бала бар. Акыркы эки күндө Ооганстандын түштүк провинцияларында холера менен 120 адам ооруп калганы айтылган.

Palhwok агенттигинин айтымында, илдетти жуктургандардын көбү Багран, Сивари жана Дайчопан райондорунун тургундары. Маалыматка караганда, оорулуулар санитардык-гигиеналык шарттары канааттандырарлык эмес абалда дарыланууда.

Холера инфекциясы көбүнчө булганган суу же деңиз азыктары аркылуу жугат. Оору кусуу жана ич өткөк менен коштолуп, организмде суунун азайышы жана кан айлануунун бузулушуна алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости