www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киризүү боюнча жалпы элдик талкууну 1-августка чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 15-июлда палатанын маалымат кызматы билдирди.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору 25-июнда жарыяланган жана коомдук талкууга алуу үчүн 10 күн берилген. Бирок 1-2-июлда Нукуста болгон окуяларга байланыштуу Олий Мажлис талкуу мөөнөтүн дагы 10 күнгө жылдырган.

4-июлда Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу платасы Конституциянын жаңы редакциясында Каракалпакстан Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө беренени өзгөртүүсүз калтырууну чечкен.

Референдумдун датасы жарыялана элек. Референдумда Мирзиёвдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, жаңы президенттин ыйгарым укуктарын 5тен 7 жылга узартуу сунушталууда.

Ушуну менен конституциялык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо үчүнчү жолу узартылууда. Конституциялык комиссиянын маалыматына караганда, конституицялык реформалар боюнча калктан 85 миң сунуш түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости