www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан президенти министрлик менен ведомстволордун санын 61ден 28ге кыскарткан документке кол койду. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, 2023-жылдын 1-январынан тарта министрликтерин саны 25тен 21ге кыскарат, 20 ведомство толугу менен жоюлат.
Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарды оптимизациялоо планын парламентке жасаган кайрылуусу учурунда билдирген.
Аткаруу бийлигинин органдарынын штаты, анын ичинде жетектөөчү курам максимум 30% кыскарат жана “эмгек акыны адилеттүү төлөө системасы” киргизилет.
Кыскартуунун натыжасында үнөмдөлгөн каражаттар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат.
“Жаңы Өзбекстандын административдик реформасынын” биринчи айлампасынын алкагында, 1-январдан баштап өлкөдө чакан жана адискөй башкаруу принциптерине негизделген, министрлик, комитет, агенттик жана инспекциялардан турган республиканын аткаруу бийлигинин органдарынын бирдиктүү системасы иштей баштайт.
Булак: NazarNews.kg