www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана саясий партиялары 9-июлга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрө баштады.

10-майда БШКнын жыйыны өтүп, анда шайлоо өнөктүгүнүн башталышын жарыялоо жана шайлоого даярдык көрүү, өткөрүү боюнча иш-чаралардын мөөнөттөрүн белгилөө маселелери каралат.

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев 8-майда парламенттин палаталарынын, партиялардын, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен жолукканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн билдирген. Анын азыркы президенттик мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек болчу.

30-апрелде өткөн референдумга ылайык, бул өлкөдө президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылды. Муну менен президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды.

2021-жылы октябрда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев 80,1% добушка ээ болуп, экинчи мөөнөткө шайланган.

Өзбекстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат. Өлкөдө беш партия катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости