www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы Улуу Жеңишке арналган парадда Беларустун президенти Александр Лукашенконун ден соолугунун абалы бир нече маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду.

Алсак, Лукашенконун колу таңылганын бир катар басылмалар жазып чыгышты.

Башка президенттер Александр бакчасындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюуга жөө барышканда, Лукашенко электромобил менен барганын РИА Новости жазып чыкты.

Лукашенко бейформал сый тамакка «ден соолугуна байланыштуу» бара алган эмес. Бул тууралуу Mosregtoday.ru басылмасы жазды.

Ал эми, бир катар журналисттер жана Telegram каналдары Владимир Путин жогорку даражалуу конокторду чакырган Кремлдеги сый тамакка баруунун ордуна Беларустун башчысы аэропортко тез жардам унаасынын коштоосунда кеткенин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости