www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан 56 жаштагы кыргызстандык аял каза болгонун 14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» жеке дарылоо-дарт аныктоо борборунда болгон – газ-аба аралашмасы жарылган.

Өзбекстандын Жазык кодексинин 257-беренесинин (“Эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу”) негизинде иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жеке клиникадагы жарылуудан кеминде бир бейтап каза болгонун, ал 56 жаштагы аял экенин, жарандыгы аныкталып жатканын буга чейин кабарлаган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кырсыктан жабыркагандардын саны бүгүнкү күндө 11ге жетти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости