www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канада өз аскерлерин Украинадан чыгарып жатат

Канада украин полициясын жана аскер бөлүктөрүн машыктыруу үчүн Украинадагы аскер кызматкерлерин эвакуациялады.
"Орусиянын Украинага каршы негизсиз агрессиясына байланыштуу татаал операциялык чөйрөнүн натыйжасында Канаданын Куралдуу Күчтөрүнүн биргелешкен ыкчам тобунун бөлүктөрүн Европанын башка жерлерине убактылуу көчүрүү процесси жүрүп жатат", - деп айтылат Канаданын Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

"Операциялык коопсуздук негизги компонент болуп саналган окутуу миссиябыздын башкы приоритети бул биздин кызматкерлерди коргоо. Ошондуктан, биз айрым күчтөрүбүздү Украинанын чегинен тышкары жайгаштырып жатканыбызды ырастаганыбыз менен, алардын санын, жайгашкан жерин жана келечегин талкуулабайбыз. Канаданын Куралдуу Күчтөрү Украинанын элине жана анын коопсуздук күчтөрүнүн потенциалын жогорулатуу миссиясына берилген бойдон калууда.

Бир тараптан Канада басма сөзүндө орун алган кабарга караганда 260ка жакын аскерден турган Канада аскер бөлүгү Польшага өткөрүлдү.

Ал ортодо Канаданын Тышкы иштер министрлиги элчилигинин дипломатиялык операцияларын жана кызматкерлерин баш калаа Киевден Польша менен чектеш Львов шаарына көчүрдү.

Канаданын Тышкы иштер министрлиги буга чейин Украинадан дипломатиялык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн эвакуациялап, кызматкерлердин санын кыскарткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости