www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленскийге телефон чалып, Орусия менен болуп жаткан чек ара кризисине байланыштуу колдоо убадасын кайталады. Анда Байден эгер Орусия Украинага кандайдыр бир кол салууга аракет кылса, АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрү менен тез жана чечкиндүү жооп кайтарарын ачык айткан. Эки лидер ошондой эле Орусиянын Украина чек арасына аскерлерин топтошуна жооп иретинде дипломатия жана баш тарттыруучу жолду улантуунун маанилүүлүгү боюнча да бирдей пикирде экендиктерин баса белгилешти.

Байденге АКШнын өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнө көрсөткөн чексиз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Владимир Зеленский болсо, өлкөсүнүн коопсуздугу болбостон Европанын коопсуздугу болбой турганын билдирди.

Зеленский АКШ менен коргонуу тармагындагы жигердүү кызматташууну жогору баалап: «Биз азырынча НАТОго мүчө эмеспиз. Андыктан күчтүү украин армиясы гана өлкөбүздүн коопсуздугунун кепилдиги» - деди.

Байденди Украинага чакырган Зеленский, Байдендин Киевге сапарынын күчтүү сигнал болорун жана чыңалуунун азайышына салым кошоорун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости