www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Президенттик администрациянын макамын жана ыйгарым укуктарын кеңейткен жаңы мыйзамга кол койду.
Мыйзамга ылайык, президенттин администрациясын жетектеген анын кызы Саида Мирзиёева Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болот. Ал мамлекеттик органдардын ишин координациялап, жетекчилердин ишин көзөмөлдөөгө жана президенттин тапшырмалары аткарылбаса чара көрүүнү сунуштоого укук алат.
Ошондой эле администрациянын айрым жогорку кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө кеңири иммунитет, дипломатиялык паспорт жана башка социалдык кепилдиктер берилет. Жогорку жетекчилердин айрымдары бул иммунитетти кызматтан кеткенден кийин да өмүр бою сактайт.
41 жаштагы Саида Мирзиёеванын саясий таасири акыркы жылдары кыйла өстү. Айрым серепчилер аны Шавкат Мирзиёевдин мүмкүн болгон саясий мураскери катары аташууда. Бирок бул тууралуу расмий билдирүү азырынча жок.
Жаңы мыйзам президенттик администрациянын Өзбекстандын мамлекеттик башкаруусундагы ролун олуттуу күчөтүп жатат.