www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мурда кармалган Кыргыз Республикасынын жаранын Кыргызстанга кайтарышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-апрелде Ала-Бука чек ара отрядынын «Орто-Суу» чек ара заставасынын башчысына Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургуну Байболот Байнаев кайрылып, анын уулу 1997-жылы туулган уулу Байболот уулу Мунарбек Сары-Кол аймагына жайылып жүргөн жылкыларды издеп кетип, кайра кайтып барбаганын билдирген. 

Жаранды Кыргызстандын аймагынан издөө натыйжа берген эмес. Маалыматты тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Ала-Бука тилкеси боюнча чек ара өкүлү өзбек кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 

Өзбекстан Республикасынын чек ара өкүлү Кыргыз Республикасынын жараны Байболот уулу Мунарбек мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Өзбекстандын чек ара заставасынын жанынан Өзбекстандын чек ара отряды тарабынан кармалганын тастыктаган. 

Анын жылкыларды издеп, кокусунан мамлекеттик чек ара сызыгын кесип өтүп, Өзбекстандын аймагына кирип кеткени маалым болгон. Кечээ, 12-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын жараны Байболот уулу Мунарбек кыргыз тарапка өткөрүп берилген. 

 Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости