www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан парламентинин (Олий Мажилис) Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары, “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери Алишер Кадыров Өзбекстанда өлүм жазасын киргизүү керектигин билдирди.

Депутаттын мындай билдирүүсү Ташкентте 31 жаштагы киши жарандык никедеги аялынын 3 жаштагы баласын бычактап өлтүргөндөн кийин айтылды.

Жергиликтүү басылмалар мурда соттолгон жигит чогуу турган аял менен урушуп кеткенден кийин келиндин 3 жаштагы баласынын далысына, башына жана көзүнө 12 жолу бычак сайганын жазышкан. Наристе ооруканага жетпей каза болгон. Маалыматтарга караганда, киши өлтүрүүгө шектелген адам да, баланын апасы да наркоман болгон.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Кайгылуу окуяга реакция жасап жатып, депутат Алишер Кадыров "балага мынчалык ырайымсыз мамиле кылган адам жашабашы керек" деп баса белгилеген.

"Айбанга айланган кылмышкерди бизин салыктын эсебинен колдоп, курсагын тойгузуп, башка адамдын өлүшүн күтүп жүрүү – логикага сыйбайт! Коомду мындай адамдардан тазалоо керек!", - деген Кадыров.

Өзбекстанда өлүм жазасы 2008-жылы жокко чыгарылып, анын орунда узак мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонула баштаган.

Последние новости