www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтондо 1-сентябрда АКШнын президенти Жо Байден менен жолугат. Жолугушууда ал Байденден коопсуздук үчүн кепилдик жана орус агрессиясын токтотуу үчүн кошумча аскердик жардам сурары күтүлүүдө. Бул жолугушуу Орусия Украина менен чек арада ири аскердик машыгуу өткөрүүгө даярданып жаткан учурга туш келди. Быйыл жазында Москва чек арага жакын жерде 100 миңден ашык аскер, оор техника менен машыгуу өткөргөндө Вашингтон аны Киевке сес көрсөтүү аракети деп сынга алган.

Украина 2014-жылдан бери Европа биримдиги, НАТО сыяктуу батыш уюмдарына кошулууну көздөйт. Расмий Киевдин мындай саясатын Орусия жактырбайт, анткени Кремль Украинаны өз таасириндеги аймак деп санайт.

Белгилей кетсек, быйыл июлда орус президенти Владимир Путин макала жарыялап, орус жана украиндерди бир эл деп ишара кылган.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасстагы орусиячыл жикчилдерди колдойт. Мындай шартта Киев Кошмо Штаттардан аскердик, финансылык жана саясий жардам күтүп келет.

Президент Зеленскийдин сапарынын алкагында АКШ Украинага 60 миллион доллардык аскердик жардам көрсөтөрү белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости