www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшемби күнү америкалык кесиптеши Джо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө андан Украинага «мүмкүн болушунча тезирээк келүүнү суранды», - деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматына караганда, Украинанын президенти ошондой эле америкалык лидерден «кошумча өнүккөн каржылык жана аскердик колдоо көрсөтүүнү» суранган.
Ошол эле учурда CNN атын атагысы келбеген америкалык аткаминерге шилтеме жасап, Байдендин Киевге азыркы кризистин фонунда сапары «күмөндүү эмес» деп ырастоодо.
Эске салсак, Киев жана Батыштын саясатчылары соңку айларда Орусия аскердик күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын жайгаштырып жатканын айтууда. Бирок алар Кремлдин позициясын кошкон эмес. Аскер күчтөрү өзүнүн аймагында каалагандай жүрө алат, бул эч кимге коркунуч жаратып жана сестентпеши керек.
ТИМдин билдиргенине караганда, «орусиялык агрессия» жөнүндө билдирүүнү чек аралаш региондордо НАТОнун контингентин көбөйтүүгө шылтоо катары колдонуп жатат. Мындай айыптоо күлкү келерлик, ошол эле учурда кооптуу.
Ал арада АКШнын президенти Джозеф Байден НАТО, Батыш өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин лидерлери менен болгон видеоконференцияда Орусиянын Украинага «кирип барышын» 16-февралда болот деп жар салган. Бул туурасында Politico гезити өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирген.
Анткен менен европалыктар Байдендин жогоруда айткан датасы жана чатактан четтеп кетүүгө болбой калды дегенине кошулган эмес. Ал эми аткаминерлердин бири ЕБ буга баш койбой тургандыгын билдиргени айтылды.
Материалда «америкалык көптөгөн аткаминерлерге» шилтеме берилгени бекемделип, Вашингтондун союздаштарына Орусия кол салуусу катарлашкан ракеталык соккулар жана кибератакалардын жаралышын айтканын билдирген. Байдендин маектештери америкалык чалгын кызматынын маалыматтарын ишеңкиребей кабылдаганын басылма белгилеген.
Булак: NazarNews.kg