www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талибан» террордук кыймылынын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Кари Фасихуддин Фитрат Ооганстандын Тажикстан менен Өзбекстанга чектешкен провинцияларына 10 миң согушкер жөнөтүлөөрүн билдирди. Бул тууралуу Орусиянын «Интерфакс» маалымат агенттиги жазды.
Кари Фасихуддин Фитрат 10 миң адамдан турган армия НАТО жана АКШнын заманбап техникасы менен куралданганын баса белгиледи. Ошондой эле, Ооганстандын Тажикстан менен Өзбекстанга чектешкен аймагына аскердик учактар да жөнөтүлөөрүн кошумчалады.
Согушкерлер чек араны кайтарат. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылын террордук уюм деп тааныган. Кыргызстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg