www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский менен Байден телефондон сүйлөшөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Джо Байден менен «жакынкы сааттарда» телефондон сүйлөшө турганын украин президентинин кеңсеси 13-февралда билдирди.

Бул жолку чукул сүйлөшүү дагы коопсуздук маселесине арналып, Орусия Украинага кол салат деген кооптонгон учурга туура келди.

Бул кабар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 13-февралда «Киевдеги америкалык элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоо чечими Орусиянын кол салуу коркунучуна негизделди» деп айткандан кийин чыкты.

Батыш өлкөлөрү Москва Киевге каршы согуштук аракеттерди башташы мүмкүн деген кооптонууга байланыштуу өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөп жатат.

«Кечээ биз АКШнын Киевдеги элчилигинде иштеген америкалыктардын көбүнө чыгып кетүүгө буйрук бердик», - деди Блинкен жапониялык жана түштүк кореялык кесиптештери менен сүйлөшкөндөн кийин.

«Орусиянын аскердик аракетинин коркунучу жетишерлик жогору жана коркунуч жакын. Ошондуктан бул кылдаттык менен жасалган нерсе», - деген Блинкен Орусиянын Украинага кол салуусуна шылтоо катары ар кандай чагымды жокко чыгарууга болбой турганын кошумчалады.

«Эгер Орусия чагым же чырды тутандырып, андан кийин буга чейин пландап келген аскердик аракеттерин актоо үчүн колдонсо, эч ким таң калбашы керек», - деди Блинкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости