www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлери милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

"Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин ички иштер органдарынын ишин жакшыртууга жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жеке салымы зор экендиги талашсыз.

Үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 63 жаш курагында дүйнө салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости