www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украин башчысы Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путиндин сүйлөшүү сунушуна ультиматум менен жооп берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды.
"Биз Орусия эртең, 12-майдан тарта ок атышпоо келишимин толук, туруктуу жана ишенимдүү ырастайт деп күтөбүз, ал эми Украина жолугушууга даяр", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошол эле маалда Америка лидери Дональд Трамп Путиндин сунушу тууралуу оң пикирин айтып, Москва менен Киев үчүн улуу күндү болжоп жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, 10-май күнү кечинде орус лидери Владимир Путин жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип жатып, 15-майда Стамбулда эч кандай шарт койбостон түз сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуштады. Президент түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен жакынкы аралыкта сүйлөшүп, тынчтыкка жол табуу маселесин талкуулоону пландап жатканын белгилеген.